Lyrics

Туп атасы тугол хан Тубунон кыдыр дарыган Башкы атасы Бары хан Башынан кыдыр даарыган Түшкөн душман онбогон Түбүнөн кудай колдогон Түнөп өткөн жерине Түптү чынар орногон Басташканы онбогон Башынан кудай колдогон Басып өткөн жерине Батыр манас көк жалдын Базарлы кала ордогон Айын менен кунундун Бирөөсүнөн бүткөндөй Алтын менен күмүштүн Ширөөсүнөн бүткөндөй Асман менен жериндин Тирөөсүнөн бүткөндөй Түндүк менен түштүктүн Түнөөгүнөн бүткөндөй Түптү кыргыз журтундун Тилеегинен бүткөндөй Чыгыш менен батыштын Чыраагынан бүткөндөй Ырыстуу кыргыз калкымдын эй Ынаагынан бүткөндөй Ээй оой ээй оой Жараткан көкө теңирдин Жаалынан бүткөндөй Ай ааламдын баарысы Астын үстүн түшкөндөй Ай батына манастын Алды калын караа жер Жерлигинен түткөндөй Көктөн түшө калгандай Көк жал манас баатырдын Көркү күчтүү каргандай Суудан чыга калгандай Султан манас баатырдын Сур күчтүү ар кандай Жер көтөргөн балбандай Жер жайнаган кул келсе Жетиген гана манаска баалан Жекээлеп сайып алгандаа эй Кутманын манас кабылан Кулалы таптап куш кылган Кууралга баткан кыргызды Кутманды күнгө туш кылган Тири куш таптап куш кылган Тентиген жыйып журт кылган Темселеп калган кыргызды Тендиктү күнгө туш кылган Аккан жашын кыргыздын Тыйган манас эмеспи? Ар кай жерден чогултуп Жыйган манас эмеспи? Кыргыз үчүн уурагыз Коргон эмеспи? Кыяматта унуткуз Болгон манас эмеспи? Касиети баарынан Ашкан манас эмеспи? Калк оозунан түшпөгөн Дастан манас эмеспи? Оболтон бери кыргыздын Ойлону болуп тумары Капсалан ишти колдогон Кадимки пери сынары Майданга кирсе ар качан Манастап чыккан урааны Андыктан атын унутпай Ар качан эстеп ай тураалын эй
Lyrics powered by www.musixmatch.com
instagramSharePathic_arrow_out