Similar Songs
Credits
PERFORMING ARTISTS
Айя Садырова
Performer
Талант Кадыров
Performer
Талант 60 К
Performer
Атайбек Бодошов
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Айя Садырова
Composer
Lyrics
Өттү мезгил сен өчпөдүң көңүлдөн,
Жүрөгүмдөн орун алдың өмүрдөн.
Негедир билбейм түштө бирге жашайсың,
Эске салып күндөрүмдү көрүнгөн.
Өмүр атын миң чуркатып арытпай,
Махабатым миң жолугуп кайыптай.
Улам бийик, улам ыйык сезилди,
Бир кылымдан бир кылымга жарыктай.
Издесем да канаттарым кайрылып,
Калсам дагы канча жылдар айрылып.
Түн өткөрбөй түштө өзүң жомоксуң,
Каркырадай жазда келген кайрылып.
Сөздөрүңдө жөндөмөдөй жөндөлүп,
Менде жашап калганына шерденип.
Ойгонсом түш, сен барасың жаркырап,
Унутуумдан учкан жылдыз өңдөнүп.
Ар бир күнүң сенден мага гүлдөгү
Сага айланып жашай берем күндөрдү
Санаамда сен көргөн жакшы түшүмсүң
Сага айланып жашай берем түндөрдү.
Бир ыр болуп кайталанып, күүлөнүп
Ойлорума күнү-түнү ширелип
Сезимимдин күнүндөйсүң жаркытып,
Өмүрүмдү өзүңө сен имерип.
Бир кылымдан бир кылымга жарыктай.
Lyrics powered by www.musixmatch.com