Music Video

Featured In

Credits

PERFORMING ARTISTS
Begish
Begish
Performer
Бегиш
Бегиш
Performer
Bayastan
Bayastan
Performer
Баястан
Баястан
Performer
Casper
Casper
Performer
G-VOO
G-VOO
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Азамат Закиров
Composer
Бегалы Белекбаев
Songwriter
Эркин Уулу Нурсултан
Songwriter

Lyrics

Бул чыгарма меники, менин энекемдики, Угармандыкы, сеники. Кооз жерде төрөлгөм деп ойлойм ар дайым. Төрт мезгил Мекенимде: күз, кыш, жаз, жайы. Дайым элимдин алаканы жайык, Жаратканым буюрса берет, Баарыбызга нан чайын Мен ишенген адамдар бар алар мага ишенет, Бир максатты көздөсөк бошонобуз кишенден. Бийик учуп Бүркүт сымал Алатоонун үстүндө, Кыргызстаным муктаж салым кошкон ар бир кишиге. Бул чыгарма меники, менин энекемдики, Угармандыкы, сеники. Бизге Кыргыз тил сабагын берген эжекеники. Сөзү менин Мекенимдики, сөзү менин энекемдики, Бул жашоонуку, сеники, Сага Кыргыз тил сабагын берген эжекеники. Сөзү кымбат Кыргыз элдики. Элимдин жаны менен барабар жерге, Илгери Ата Бабаларыбыз келген, Улутум сүйлөсүн деп Эне тил берген, Урпагы сактасын деп мээнетин арнаган. Сөз байлыкты баалаган, күндөр өттү арадан. Көп жер кургап, жамгыр төктү, Дале Кыргыз деген бар адам. Эй, Жашайт мейкин ааламда, мен да эркин баратам. Бул чыгарма меники, менин энекемдики, Угармандыкы, сеники. Бизге Кыргыз тил сабагын берген эжекеники. Сөзү менин Мекенимдики, сөзү менин энекемдики, Бул жашоонун туусу сеники, Сага Кыргыз тил сабагын берген эжекеники. Сөзү кымбат Кыргыз элдики. Кыргыз Тил, сенин тилиң, менин тилим, Эне тилим, жашайт дайым, Урпактарга берет билим. (Эң туура) Керек тилим, сүйлөгөнгө, маселени чечкенге. Маектешип, түшүнүүгө, таарынычты кечкенге. Кеч Калба, Эч Алба, башка тилди биринчи орунга,(жок) Эне тилиңде тиричилик орундат, Эсиңдеби, Эне тилиң колуңда. Сүйлөсө дейм Кыргызча Борборумда. Бул чыгарма меники, менин энекемдики, Угармандыкы, сеники. Бизге Кыргыз тил сабагын берген эжекеники. Сөзү менин Мекенимдики, сөзү менин энекемдики, Бул жашоонуку, сеники, Сага Кыргыз тил сабагын берген эжекеники. Сөзү кымбат Кыргыз элдики.
Lyrics powered by www.musixmatch.com
instagramSharePathic_arrow_out