Music Video

Кка
Watch {trackName} music video by {artistName}

Credits

PERFORMING ARTISTS
7Gen
7Gen
Performer
COMPOSITION & LYRICS
Азамат Закиров
Composer
Сапарбеков Бакытбек
Songwriter

Lyrics

Олтурамын көлдүн жээгинде Шамал үйлөп кулагыма шыбырайт Жеримдин кереметине Көз салып коюп тур деп акырын айтты мага Мен аркылуу мени уккан угармандын баарына Жашоого бир келген сенин жаныңа Жаңыдан көлдүн ыры жазылган Үйүң жок болсо, үйүң бар унутпа! Издебегиң ал бутуңдун алдында Үйдө талап жок кандай улутка Орун берип сабыр менен унчукпа Бүтүп калды баяным менин Эшигиңди ачып кирип келди Илгери илгери, өткөн күнүмдө Кайсыл жерде жүргөнмүн мен? Ыссык Көлүмдө! Дос балдарым менен эс алууга келип алып Убакыт кечки маал де, кыздары сулууланып Бир досум нааразы суу кирген үчүн сол кулагына Алакан менен жабат улам улам "Аз калды чыда мына! Же мейли, мейли сооп болот! Сенин жаман кылыктарың болсо сурак үчүн жооп болот да." Туурабы же туура эмесби? Аны сиздер чечесизби?! Менимче азырынча жок, жок андай кез Чечкен киши улуу баарынан дейт Жок жок чоң атаңдай эмес! Кирбейт сыйкырчылардын катарына Бир да жерден эч качан көрбөйсүң Ошондуктан шамалдай сез Ал сенин ичиңде жашайт Өткөрбөйүн деп өмүрүңдү пайдасыз! Олтурамын көлдүн жээгинде Шамал үйлөп кулагыма шыбырайт Жеримдин кереметине Көз салып коюп тур деп акырын айтты мага Мен аркылуу мени уккан угармандын баарына Жашоого бир келген сенин жаныңа Жаңыдан көлдүн ыры жазылган Күн кайнаган кезде ысык жайда Көлдү көздөй айда! Ызычуу кыйнаса кысып кайра Көлдү көздөй айда! Кечээ келип баргың келсе кайта Көлдү көздөй айда! Маанай менен акырындан жайдан Көлдү көздөй айда! Үчүнчү күн Акыркы экинин дайыны жок экенин Текке кеткенин мен эстей калып Мына бүгүн Тез аракеттенип, саякатка берилип Кызыл өрүк жеп келем кубанып Меймандуу адамдарга жолугамын Ассалам Алейкум, Саламатсызбы? Жол уланып! Кээбирлер коноктоп, узатып мурункуларын Куда тоскондон беш бетер ачылгансып кучагы Жаман сөз болбосун деп Куттуу келген досуп кеп Айтып ыраазычылыгыңды кааласаң билдире кет да! Комуз черткенди билсең бир ирээт черт да! Төкмө төксөн төгүлүп калалычы деп баары Же сиз бизге бүгүн азыр ушул жерден Окуй турган эркин түрдөгү китеп барбы? Китебим бар көлдөгү кездер жөнүндө Эстен өчпөс учурларды алып көңүлдөн Жамгырдай төгүлгөн менин жылуу сөзүмдө Жакындарымды сүрөттөп көркөм көрсөткөм! Көп кетирбей азыркы кезде катаны Ыйманды ар дайым бекем байла жаныңа Көргөнгө жана билгенге чуркап аттанып Башталган жашооң жетсин маанилүү аягына! Олтурамын көлдүн жээгинде Шамал үйлөп кулагыма шыбырайт Жеримдин кереметине Көз салып коюп тур деп акырын айтты мага Мен аркылуу мени уккан угармандын баарына Жашоого бир келген сенин жаныңа Жаңыдан көлдүн ыры жазылган Күн кайнаган кезде ысык жайда Көлдү көздөй айда! Ызычуу кыйнаса кысып кайра Көлдү көздөй айда! Кечээ келип баргың келсе кайта Көлдү көздөй айда! Маанай менен акырындан жайдан Көлдү көздөй айда! Күн кайнаган кезде ысык жайда досторуң менен Көлдү көздөй айда! Ызычуу кыйнаса кысып кайра сүйгөн кызың менен Көлдү көздөй айда! Кечээ келип баргың келсе кайта туугандарың менен Көлдү көздөй айда! Маанай менен акырындан жайдан көп ойлонбой Көлдү көздөй айда! Көлдү көздөй айда! Көлдү көздөй айда! Көлдү көздөй айда! Көлдү көздөй айда!
Writer(s): азамат закиров, сапарбеков бакытбек Lyrics powered by www.musixmatch.com
instagramSharePathic_arrow_out