Upcoming Concerts for Kanykei
Top Songs By Kanykei
Credits
PERFORMING ARTISTS
Kanykei
Lead Vocals
COMPOSITION & LYRICS
Кубанычбек Маликов
Songwriter
Джолдош Аппасов
Arranger
PRODUCTION & ENGINEERING
GMS music
Producer
Lyrics
Жагалмайдай кайкып учуп бара албай,
Жаш жүрөккө жагар дары таба албай.
Ак кептерим, түтөбөйүн арманга,
Кучак жайып, кумар жазып кала албай.
Асманга учсаң мен да күтөм жолуңду,
Ак маңдайым, кармасам дейм колуңду.
Эч болбосо сен конуучу токойго,
Жаным, секет, жая албадым торумду.
Сен дегенде тура албаймын жай алып,
Келаткансып, эки жагым каранып.
Түшүмдө да карагайлуу булакта,
Булактайсың кундуз чачың таранып.
"Күйсөң күй" - деп кашты серпип күлгөнүң,
Жанымды өрттөп, жал-жал карап жүргөнүң.
Мынча неге түлкү куумай ойноттуң?
Айтчы деги анык бекен сүйгөнүң?
Жагалмайдай кайкып учуп бара албай,
Жаш жүрөккө жагар дары таба албай.
Ак кептерим, түтөбөйүн арманга,
Кучак жайып, кумар жазып кала албай.
Ак кептерим, түтөбөйүн арманга...
Lyrics powered by www.musixmatch.com